super.kg logo
  Саясат  

Узун сакал коюуга жана коомдук жайларда паранжа кийүүгө тыюу салуу сунушталууда

 

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова узун сакал койгондорго жана коомдук жайларда паранжа кийгендерге айып салууну сунуштоодо. Мыйзам долбоору 14-ноябрда парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Демилгечи депутаттын пикиринде, мыйзам долбоору жарандардын дин тутуу эркиндигин чектебейт, ошондой эле конституциялык ченемдерди жана эл аралык стандарттарды сактоо менен иштелип чыккан.

Анда адамдын жүзүн идентификациялоого болбогондой бетин жапкан кийим кийген же узун сакал койгон жарандарга 2 миң сом айып салуу же 30 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу каралууда. Эгер бул эреже бузуу кайталанса, ага 4 миң сом айып пул же 40 саатка чейин коомдук иштерге тартуу сунушталды.

Айып пул төлөөдөн Кыргызстанда убактылуу эмгек же кызмат иши менен жүргөн адамдар, ошондой эле дипломатиялык статусу бар чет өлкөлүк жарандар бошотулат.

Эске салсак, Шарапаткан Мажитова быйыл 7-сентябрдагы парламенттин жыйынында өлкөдө паранжа кийүүгө тыюу салуу маселесин көтөргөн. Ал Өзбекстандын парламенти паранжы кийүүгө тыюу салганын мисал келтирип, Кыргызстанда да ушул өңдүү чараларды көрүү керектигин айткан.

Мындан сырткары ал 20-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында да паранжа кийгендерди сынга алып, президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча муфтиятка тапшырма берип коюуну өтүнгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: