super.kg logo

"Адамдарды коркутуп келген". УКМК Өзгөн шаарынын мэрин кармады

 

Өзгөн шаарынын мэри уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишине катышкан деген шек менен Өзгөн шаарынын мэри М.Д.Ч кармалды.

"Жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө Өзгөн шаарынын мэри өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн максаттарына жетүү үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн системалуу түрдө пайдаланып, өзүнө жакпаган адамдарды коркутуп келгендиги аныкталды. Тактап айтканда, кылмыш дүйнөсүнүн айрым өкүлдөрү күч колдонуу коркунучу астында жарандык активисттен Өзгөн шаарынын мэринин ишин сындоону токтотууну жана массалык маалымат каражаттарында чагылдырбоону талап кылып, антпесе ден соолукка олуттуу зыян келтиребиз деп коркутушкандыгы аныкталды", - деп билдиришти УКМКдан.

13-ноябрда УКМК кызматкерлери тарабынан Өзгөн шаарынын мэри Д.Ч.М. кызматтык иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлдү.

Учурда жогорудагы адамдар кармалып, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына камака алынды.

Муну менен катар УКМК тарабынан кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: