super.kg logo

Белгилүү коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев каза болду

 
Белгилүү саясий жана коомдук ишмер, профессор Топчубек Тургуналиев 82 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргыз улуттук “Манас” театры билдирди.
"Топчубек Тургуналиев "Манас" эпосун жайылтууда опол тоодой салым кошкондордун бири. Алсак, Ишеналы Арабаев атындагы университетте ”Манас таануу” институтун ачууда, ошону менен катар "Манас" жана Ч.Айтматов атындагы улуттук академияны ачып, негиздөөдө эмгеги ат көтөргүс. Аксакал катары калыстык кебин айтып, өз пикири, үнү менен өчпөс тарых жасады. Даанышман аксакалыбыздын жаркын элеси түбөлүккө биз менен", - деп жазылат билдирүүдө.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Топчубек Тургуналиевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: