super.kg logo

Муфтият депутат Мажитованын паранжа кийүүгө тыюу салуу сунушу боюнча үн катты

 

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитованын узун сакал койгондорго жана коомдук жайларда паранжа кийгендерге айып салуу сунушу боюнча үн катты.

Муфтияттын расмий сайтында жарыяланган билдирүүдө, паранжа кийүү жана сакал коюу маселесин тартипке салууну мыйзам менен чектеп, айып пул салуу аркылуу эмес, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чечүү керектиги белгиленген.

"Динибизде эркектердин жана аялзатынын авраты ачык белгиленген. Шариятта (ханафий мазхабы боюнча) аялдар үчүн колу (алаканы), буту (тамандан кызыл ашыкка чейин) жана жүзү (чач жана ээкке чейин) ачык жүрүүгө уруксат берилет. Калган дене мүчөлөрү аял үчүн аврат деп эсептелет. Аврат эсептелген дене мүчөлөрүн жаап жүрүү исламда хижаб же тасаттур деп айтылат. Бирок никаб (паранжы) парз эмес. Азыр хижабдын деңгээлине да жете албагандар арбын. Андыктан хижаб негизги парз. Хижабдын (тасаттур) белгилүү бир формасы жок болгондуктан, аалымдар ар бир адам өзү жашаган мамлекеттин каада-салттарына дал келгендей кийинүүсү туура деп эсептешет.

Ал эми сакал коюу ислам дининде сүннөт амалдардан. Аны тыкан, таза кармоо адептерден.

Исламда кийинүү маданиятын жана сакал коюу адептерин агартуу, түшүндүрүү жолу менен чечүү максатка ылайык деп эсептейбиз", - деп айтылат билирүүдө.

Белгилей кетсек, депутат Мажитова кечээ узун сакал коюуга жана коомдук жайларда паранжа кийүүгө тыюу салууну демилгелеген болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: