super.kg logo

Бишкекте жүргүнчү ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

 

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Жүргүнчү ташуу” аталышында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, алар Бишкектеги жүргүнчү ташуу менен алектенген айдоочуларга жол кырсыктарын алдын алуу жана жарандарга сервистик кызмат көргөзүү багытында түшүндүрүү иштерин өткөрүштү.

Автобекеттерде облустарга каттаган такси айдоочуларына унааларынын техникалык абалы, иштөө тартипдерине жана жол кыймылынын эрежелери тууралуу да айтылды.

"Ошондой эле жолдо жалгыз эле айдоочунун коопсуздугу эмес, айдоочунун жүрүм-турумунан айланасындагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды экендигин жана жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай, коопсуздукка терең көңүл буруу зарыл экендигин эскертишти", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: