super.kg logo

Министрлик: "Таштанды челектен табылган наристени таенесине берүү каралат"

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Бишкектеги таштанды челектен табылган наристенин тагдыры тууралуу маалымат берүүнү улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, Талас айылынын жашоочусу С.Г (таенеси) келип, небересин өзүнө алып кетүүгө даяр экенин билдирген. Бирок таенесине берүү үчүн мыйзамга ылайык шарттарынын жана талаптардын аткарылышынын негизинде берилет жана бул боюнча атайын жумуш жүрөт.

"Учурда бала дары-дармек, медициналык жардам жана кийим-кече менен камсыздалган.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук социалдык камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери ымыркайга туулгандыгы тууралуу күбөлүк беришти", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 9-ноябрда Бишкектеги таштанды челектен баштыкка салынган жаңы төрөлгөн ымыркай табылган. Алгач аны пакистандыктар байкап, кийин милиция чакырышкан. Наристенин энеси 2024-жылдын 11-январына чейин камакта калтырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: