super.kg logo

Эмгек министри миграциянын башкы көйгөйү тууралуу айтты

 
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова эмгек миграциясынын башкы көйгөйү тууралуу сөз кылды. Бул тууралуу ал 15-ноябрда президентке караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңешмеде айтты.
"Мекен карталарын" чыгаруу боюнча бир топ иштер жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө аларды Орусия, Германия, Түштүк Корея, Бельгия, Түркия, Катар, Австрия жана Түркмөнстандан келген кыргызстандыктар алды. Ошол эле учурда эмгек миграциясына кетип жаткандардын көбү балдарын бул жакка таштап кетүүгө аргасыз болуп жатканы көйгөй бойдон калууда. Бул балдар ата-энесиз чоңоюп, үй-бүлөлүк баалуулуктарды толук сиңире алышпайт. Ал эми биздин милдет - Кыргызстанда иш менен камсыз болуу жана бакубат жашоо үчүн максималдуу шарттарды түзүү", - деди министр.
Ошондой эле Баатырова биринчи кезекте мигрант балдар үчүн кыргыз тилин жана кыргыз маданиятын үйрөнүү үчүн бекер онлайн сабактарды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Мындан тышкары жолугушууда өлкө аймактарын өнүктүрүүдө мекендештердин аракеттерин бириктирүү маселелери талкууланды.
Мамлекеттик органдардын жана Кеңештин мүчөлөрүнүн максаттары жана милдеттери - аларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы, ошондой эле мекендештердин өз ара аракеттенүүсүнүн ар кандай аспектилери жана алардын өлкөнү өнүктүрүүгө катышуусу боюнча сунуштар киргизилди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: