Кумшекер кантип өндүрүлөт? "Кошой" кант заводунан репортаж
"Кошой" кант заводу 1932-жылы долбоорлоно баштап, 1942-жылы комбинат алгачкы продукциясын чыгарган. 91 жылдык ишинде оош-кыйыштарга кабылып, ишмердүүлүгү 12 жыл токтогон да учуру болгон. Завод Сокулук районунун Шопоков шаарында жайгашкан.
Кадимки биз күнүмдүк турмушта көп колдонгон кумшекер кантип өндүрүлүп, даяр продукция болгонго чейин кандай этаптардан өтөрүнө SUPER.KG порталы күбө болуп кайтты.
Алгач кант кызылчасы ишкананын кызылчаны кабыл алуу пункттуна келет. Кабыл алынгандан кийин кызылча сырьёлук лабораторияга жөнөтүлөт. Ал жерде кызылчаны кирден, чириктен тазалоо иштери жүргүзүлөт. Андан кийин кайрадан таразага тартылып, дыйкандарга таза салмакка жараша гана акы төлөнөт. Ошондой эле кызылчанын канттуулугу текшерилет. Кызылчада канттын курамы 14 пайыздан кем болбошу керек.
"Учурда биз 118 миң тонна кызылчаны кабыл алдык. Анын жарымы кайра иштетүүгө заводго кетти. Былтыркыга салыштырмалуу быйыл көп айдалган, бирок дыйкандардын түшүмү аз болду. Кызылчанын тоннасын 5900 сомдон алабыз. Дыйкандарга сумманын 30 пайызын акчалай 70 пайызын товар аркылуу беребиз", - дейт кызылча станциясынын башчысы Каныбек Толонгутов.
Кабыл алуу пунктунун аянты 12 гектар, сыйымдуулу 100 миң тонна.
Лабораториялык текшерүүдөн кийин кант кызылчасы жуулуп, тазалоо процессинен өтөт. Андан соң тууралып анан иштетүүгө жөнөтүлөт. "Тууралган кызылча диффузия аппаратына түшүп, ал жерден чипсы формасы берилет. Бул ыкма диффузия ыкмасы деп аталат" дейт ишкананын өндүрүш башчысы Любовь Гарчеренка.
Ошентип диффузия жолу менен алынган шире тазалоодон өткөрүлүп, курамындагы сахарозанын өндүрүлүшүнө тоскоол болгон заттардан арылуу үчүн физикалык жана химиялык процесстер колдонулат.
Акыры шире буулануу жолу менен концентратталат. Бул этаптардан өткөндөн кийин таза кант бөлүнүп чыгарылат. Өндүрүлгөн кумшекер 25 килограммдык баштыктарга салынып, сактоочу жайга жөнөтүлөт.
Завод күнүнө 3 миң тоннага чейин кант кызылчасын майдалап, андан 400 тоннадан ашык кумшекер өндүрөт.
кошулду
завод
