Камбар-Ата – 1 ГЭСинин негизги объектилерине баруучу жолду кеңейтүү боюнча жардыруу иштери жүргүзүлдү
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Камбар-Ата – 1 ГЭСинин негизги объектилерине баруучу жолду кеңейтүү боюнча жардыруу иштеринин жүрүшүнө катышты.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан бидиргендей, Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган иш-чаралар планына ылайык, 352 739 метр куб аянтта казуу жана куруу-монтаждоо иштери, 1056 метр куб бетонду төшөө, 2500 метр узундуктагы электр линиясын тартуу, бургулоо жана жардыруу жумуштары жүргүзүлгөн.
"Жолдун каршы тарабындагы жардыруу иштери Нарын дарыясынын нугун өзгөртүүгө жана инфраструктуралык объектилерди куруунун кийинки этабына коопсуз өтүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет", - деди Төрөбаев.
Белгилей кетсек, аталган иш-чараларды ишке ашырууга республикалык бюджеттен 1 миллиард 555 миллион сом бөлүнгөн.
