"Оппозиция менен диалог түзөм деп Мотуев менен сүйлөшөйүнбү?" дейт өлкө башчы

Бүгүн, 16-декабрда Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда маалымат жыйыны өтүүдө.
Анда оппозиция менен диалог түзүү тууралуу сөз болгондо: “Оппозиция менен парламенттин ортосунда диалогдор жүрүп жатат. Менин ишим башка. Эгер ал диалогдон пайда чыкса барайын. Эмне, Мотуев менен сүйлөшүүгө барайынбы? Же Т.Акун мененби? Убакытты үнөмдүү пайдалануу керек”,- деди ал.
Мындан сырткары өлкө башчы өзүнүн максаты тууралуу айтты. “Мен бул жерге саясий оюн ойноо үчүн келген эмесмин. Бийликте өмүр бою отурууну да максат кылган жокмун. Мен эл үчүн иштегени келгем”,- деп кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
4

