super.kg logo

Бишкекте мефедрон баңгизатын алып жүргөн чет элдик жаран кармалды

 

Чүй облусунун "Манас" аэропорту – Бишкек унаа жолунда жалпы салмагы 9 килограмм 980 граммды түзгөн баңгизатын алып жүргөнгө шектелип чет элдик жаран кармалды. Ал 1981-жылы туулган Ж.А. аттуу жаран. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда атайын кызматтын маалымат кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, мефедрон синтетикалык баңгизатынын 1 килограммы базар баасында 6000 сомду түзүп, табылган жүктүн жалпы баасы 59 миллион 880 миң сомго жеткен.

“Мындан улам ага Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту “Ири өлчөмдө баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу, жөнөтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ошондой эле ал тергөө амалдарын жүргүзүү мөөнөтүнө УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген”, – деп кошумчалашты атайын кызматтан.

Эскерте кетсек, Кылмыш-жаза кодексине ылайык, мындай кылмыштар үчүн 14 жаштан ашкан жарандар мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен кылмыш жоопкерчилигине тартылышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: