Баткен шаарында заманбап мал базар курулду (сүрөт)









Баткен шаарында заманбап мал базар курулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында курулган жаңы муниципалдык мал базардын курулушу дээрлик аяктап, пайдаланууга берүү алдында турат. Базар 22,8 миллион сомго жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулду.
"Бул жайда мал алуучулар жана сатуучулар үчүн бардык шарттар түзүлүүдө. Кирген мал жандыктарына тийиштүү адистер көзөмөл жүргүзүп, санитардык абал көзөмөлгө алынат. Базар Баткен шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин карамагында болот. Учурда базардын айланасы тосулган, атайын административдик имараты, жарандар басуучу тротуарлар, мал байлоочу жайлары, бастырмалар курулуп бүттү", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, учурда иштеп жаткан эски мал базары шаардын так ортосунда жайгашкандыктан көчөлөрдө унаа тыгындарын жаратып, ыңгайсыздыктарды туудурат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн жаңы мал базар куруу чечими кабыл алынып, калаа мэриясы тарабынан 1,5 гектар жер ажыратылган.
