"Кыз-келиндер үчүн машыгуу залдары болгон эмес". Баткенде заманбап спорт комплекси курулууда (сүрөт)






Баткенде бардык шарты бар заманбап спорт комплекси курулууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, ага жергиликтүү бюджеттен 12 миллион сом каралган, учурда курулуш иштери 80 пайызга аяктап калды.
Бул спорт мекемесинде жаштар волейбол, баскетбол, футбол, күрөш менен машыкса болот, ошондой эле комплексте аялдар жана эркектер үчүн өзүнчө машыгуучу залдары, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрү, жуунуучу жай менен ашканасы да пландаштырылган.
"Калаада жаштар үчүн спорт комплексинин жоктугунан, жаштар орто мектептердин спорт залдарында сабактан кийинки убактарда, кечинде машыгууга мажбур болуп келишет. Ал эми кыз-келиндер үчүн спорт менен машыгуу залдары болгон эмес", - деп айтылат маалыматта.
