super.kg logo

Республика боюнча жыл башынан бери 458 жаңы тамчылатып сугаруу системасы орнотулду

 

Үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрына карата республика боюнча 458 жаңы тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп, 8096,2 гектар жер аянтына көбөйгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, республика боюнча тамчылатып сугаруу системасын орноткон жана иштеп аткан чарбакер субъектилердин саны 1004тү түзүп, жер аянты 13223 гектар жерге жетти.

“Облустар боюнча алып караганда Чүй облусу боюнча – 141 субъект, Ысык-Көл – 195, Нарын – 38, Талас – 11, Ош – 131, Баткен – 148 болсо, Жалал-Абад облусу боюнча 340 субъект бул ыкмага өткөн. Ал эми Чүй облусу боюнча 9460 гектар, Ысык-Көл – 1678, Нарын-142, Талас-25, Ош – 452, Баткен – 566 гектар болсо, Жалал-Абад облусу боюнча 870 гектар жерге тамчылатып сугаруу системалары коюлган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 2011-жылдан бери “Айыл Банк” ААК аркылуу тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системасын өнүктүрүү максатында министрлик жана мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп, жыл сайын "Айыл чарбасын каржылоо", "Агроөнөр жай комплексин каржылоо", "Гослизинг", ошондой эле ЕАӨБ мамлекеттик лизингдик долбоорлору аркылуу жеңилдетилген насыялар берилип келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: