Кара-Сууда курал-жарак сакталган жай табылды (видео)
Ош облусунун Кара-Суу районунда курал-жарак сакталган жай табылганын УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Ага ылайык, 2010-жылдагы окуялардын сепаратисттик аракеттерине каршы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун Жим айылындагы курал-жарактар сакталган жай тууралуу маалымат алынган.
"УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн күчтөрүн жана каражаттарын колдонуу менен көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1 даана АКМ-74, 1 даана РГД-5 гранатасы, 40 даана 7,62 калибрдеги, 9 даана 5 калибрдеги патрондор, кара маска, 1 даана бычак жана жашыл түстөгү колкап сакталган жай табылды. Эми алар тиешелүү экспертизага жөнөтүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.
Учурда курал-жарак сактоочу жайга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Видео: УКМКнын маалымат кызматы
Видео: УКМКнын маалымат кызматы

