super.kg logo

Бейшеналиев: "Мамлекеттик дарыканалардын санын көбөйтөбүз"

 

Өлкөдө жаңыдан пайдаланууга берилип жаткан мамлекеттик дарыканаларда дары-дармектер 10-20 пайызга арзан турат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта республика боюнча, 50гө жакын мамлекетке таандык дарыкана иштеп жатат.

“Мамлекеттик дарыканаларда дарылардын баасы өлкө боюнча бирдей болот. Бишкек, Чоң-Алай же Сүлүктү айырмасы жок. Ал эми жеке дарыканалар болсо, дарылардын баасын аймактарга карап сатат”,– деди Бейшеналиев.

Ал кошумчалагандай, азыркы тапта Саламаттык сактоо министрлиги дүйнөдөгү фармацевтикалык заводдор менен биргеликте иш алып барууда. Анткени, дарыларды түз сатып алуу пайдалуу. Алар жакынкы аралыкта дары-дармектердин тизмеси эки эсеге көбөйөт деп убада кылышууда.

“Ошондуктан өлкөдө мамлекеттик дарыканалдардын санын көбөйтүү иштери улантылат. Пункттар ушул жылдын октябрь айынын аягында ачылып баштаган”, – деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: