Ак-Суу районунда жаңы мектептин имараты пайдаланууга берилди (сүрөт)






Бүгүн, 16-ноябрда Ак-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында жаңы мектептин ачылышы болду. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, облус жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров мугалимдерге жана окуучуларга ийгилик каалап, курулушка салым кошкон айрым инсандарга Ардак грамота тапшырды. 320 орундуу мектептин курулушуна Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан 54 миллион сом бөлүнүп, "Тунук Курулуш" ЖЧКсы тарабынан курулуп ишке берилди.
Мектеп заманбап жабдуулар менен предметтик класстары көп, компьютер жана проекторлор менен сабак өтүүгө ылайыкталган.
Мектептин буга чейинки 150 орундуу эски имаратында 330 окуучу окуп келген. 1-корпусу 1947-жылы, 2-корпусу 1978-жылы курулган, 2012-жылы капиталдык ремонттон өткөн. 3-корпус таптакыр окууга мүмкүн эмес, авариялык абалда болгон.
