Эмгек сиңирген машыктыруучу Каныбек Осмоналиевдин 70 жылдык мааракеси белгиленет

Улуттук филармонияда III даражадагы "Манас" орденинин ээси Каныбек Осмоналиевдин 70 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара 20-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда саат 11:00дө өтөт.
"Кыргыз жана советтик оор атлетчи, Европанын эки жолку жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, Олимпиада чемпиону, СССРдин эмгек сиӊирген спорт чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген машыктыруучусу, III даражадагы «Манас» орденинин ээси Каныбек Осмоналиевдин 70 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленет", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:16
2025-07-03

16:30
2025-07-03
15:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.