Бишкекте капиталдык оңдоодон кийин Кишинев көчөсү жүргүнчүлөр үчүн ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Достоевский көчөсүнөн баштап Пархоменко көчөсүнө чейин оңдоо иштери жүргүзүлдү.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан эски асфальттарды алуу, жер кыртышын казуу, негизин ныктоо, асфальт төшөө үчүн даярдык иштери жүргүзүлүп, асфальт-бетон аралашмасы төшөлдү", - деп айтылат маалыматта.