Садыр Жапаров расмий сапар менен Японияга жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда расмий сапар менен Японияга жөнөп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Сапардын алкагында Мамлекет башчысы жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды, ошондой эле Япониянын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз-япон кызматташтыгын өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелер талкууланат.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
- Биринчи айым Айгүл Жапарова;
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Эркинбек Осоев;
- Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров;
- Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов;
- Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев;
- саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;
- финансы министри Алмаз Бакетаев;
- экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;
- юстиция министри Аяз Баетов.
