super.kg logo
  Спорт  

"Жеке каталардан улам жеңишке жете албай жатабыз”. Улуттук кураманын машыктуруучусу Стефан Таркович пикирин айтты

 

“Ак шумкарлардын” башкы машыктыруучусу Стефан Таркович Кыргызстан-Малайзия беттеши тууралуу өз пикирин билдирди. Бул туурасында Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.

“Мен беттештин жыйынтыгына абдан нааразымын. Үч гол киргизип, атаандаштын дарбазасына көптөгөн гол киргизүү мүмкүнчүлүгүн жараттык, бирок коргонуудагы каталардан улам гол өткөрүп жибердик.

Ушунча гол киргизгенден кийин эч кандай упай албай калганыбыз абдан өкүнүчтүү. Бул беттешке физикалык жана тактикалык жактан жакшы даярдандык. Менин оюмча, биздин команда атаандаштарыбызга караганда кооптуу чабуулдарды байма-бай жаратты, тилекке каршы, жыйынтыгында жеңилип калдык.

Алгачкы 55-мүнөттө биз бир аз пассивдүү болуп, атаандашка кысым жасаган жокпуз, бирок кийин өзбүздү колго алдык. Оюндун жүрүшүндө бир нече оюнчуну алмаштырууга аргасыз болдук, андан кийин ушундай жыйынтык болду".-деди башкы машыктыруучу.

Эскерте кетсек, кийинки беттеш 21-ноябрда Бишкекте Оман курама командасына каршы өтөт.

“Биз бүгүнкү беттешти талдап, жыйынтык чыгарып, жеңилүүнү тезирээк унутканга аракет кылып, кийинки оюнга да даярданып башташыбыз керек. Оюнчулар абдан аракет кылып жатат, бирок жеке каталардан улам жеңиш буйрубай келет. Алдыдагы беттеште жергиликтүү күйөрмандардын колдоосу бизге көбүрөөк күч жана ишеним берет деп ойлойм”, - деп кошумчалады Стефан Таркович.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.11.2023. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 Штефан колдо турган женишти жок кылдын 7млн адамдын ностр олтуруп 2 Кутманды жок кыл андан коро бир фудболисти чыгарсан ошол жакшы турат мен Кутман алмашууга чыканда согунуп иш олду дедим ошондой болду анын психологиясыда слабый Абдыш атанын вратары кучтуу баары жогунан 3 Кичинсиз оюн болбойт 4 Экинчи заменаны туура эмес алмаштырдын нападающийлер жакшы эле болчу защитниктерди карашын керек эле ошолорго куч келмек 2:3тон кийин Кутманды воооообще чыгарба эми ал болбооойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: