super.kg logo

Ошто эркек киши бычылганы айтылды. Милиция эмне дейт?

 

Социалдык тармактын колдонуучулары Өзгөндө эркек киши бычылганы тууралуу жазышкан. Ош облустук милициясы бул окуя боюнча маалымат берди.

Кабарлангандай, 14-ноябрь күнү саат 00:30 чамасында Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканага 44 жаштагы жаран денесинен жараат алып кайрылгандыгы боюнча маалымат түшүп, каттоого алынган.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып төмөндөгүлөрдү аныктаган.

13-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында Өзгөн районунун Куршаб айылынын 44 жаштагы К.Ш. аттуу тургуну өзү жашаган үйүнө ошол айылдын тургуну, 44 жаштагы Э.Т.ны чакырып, үйүнүн короосунда өз ара пикир келишпестиктен уруша кетишип, натыйжада К.Ш. бычак менен денесине жаракат келтирип, электр мамычага жип менен байлап койгон.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, окуя болгон жерге милициянын аймактык тескөөчүлөрү жетип келип, жабырлануучуга "Тез жардам" кызматын чакырып, биринчи медициналык тез жардамын көрсөтүшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүндө (Ден-соолукка оор залал келтирүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Аталган кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 44 жаштагы К.Ш. аттуу тургуну кармалып, камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: