"Жылкы жолго чыга калган". Ысык-Көлдө жол кырсыгынан үч адам каза болду
Ысык-Көлдө жолго чыга калган жылкынын айынан жол кырсыгы катталып, үч адам каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматында айтылат.
Кабарлангандай, кырсык 16-ноябрь күнү таңга маал Каракол-Түп-Ананьево унаа жолунда орун алган.
Анда унаанын айдоочусу алгач жылкыны, андан кийин жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Анын кесепетинен эки жүргүнчү ошол жерде каза болсо, айдоочу Түп райондук ооруканасында жан берген. Алардын баары Түп районунун тургундары болгон.
Ал эми автоунаа өрттөнүп кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.