super.kg logo

УКМК Соода-өнөр жай палатасындагы мыйзамсыз иштерди аныктады (видео) 

 

Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин мыйзамсыз иштери аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, атайын кызмат тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилери Б.Э. жана П.К. мыйзамдарда белгиленген талаптарды бузуу менен ар кандай экспорттолуучу товарларга товарлардын келип чыгышы тууралуу сертификаттарды беришип, кээ бир жеке чарба жүргүзүүчү субъекттерге салыктык базаны төмөндөтүп көрсөтүүнү документтештирүү үчүн шарттарды түзүп беришкен.

Тактап айтканда, алар көмүр экспорттогон ишканаларга кымбат баадагы көмүрдү "арзан" деп сыпаттаган сертификат берип турган.

Мындан тышкары, Б.Э. жана П.К. Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүктөрүнүн чыныгы кирешеси азайтылып көрсөтүлүп, ири өлчөмдөгү салык төлөмдөрү бюджетке түшпөй келгени жазылган.

Импорттук жана экспорттук товарлардын шайкештик сертификаттарын берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр негизинен П.К.нын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык компаниялар тарабынан көрсөтүлгөн, ал жерде ал уюштуруучу же директор болгон (ЖЧК: Сертификат Класс, Сертификат плюс, Сертификат Транс, Южный Техосмотр Плюс, Южный Испытательный Центр, Калибровка Плюс, Южный Техосмотр, Эксперт Текст Плюс, Сертификат Экспресс, Стандарт Гарант).

Буга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрында. П.К.нын үйүндө, ошондой эле ага караштуу фирмалар жайгашкан үч даректе тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында ишке тиешелүү документалдык материалдар, акча каражаттары: 28 миң доллар, 1 миллион 997 миң сом жана 99 миң рубль, печаттар, кыймылсыз мүлккө документтер жана башкалар табылып алынды.

Учурда мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.






УКМК Соода-өнөр жай палатасындагы мыйзамсыз иштерди аныктады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: