super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Япониянын императору Нарухито жана императрица Масако менен жолугушту

 

Бүгүн, 17-ноябрда президент Садыр Жапаров Японияга болгон расмий сапарынын алкагында император Нарухито жана императрица Масако менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Император жана императрица Кыргызстандын президенти жана биринчи айымы менен саламдашып жатып, Садыр Жапаровдун Японияга болгон сапары кыргыз-япон эки тараптуу мамилелеринин бүтүндөй комплексине оң таасирин тийгизет деген үмүтүн билдиришти", - деп айтылат билдирүүдө.

Садыр Жапаров алардын меймандостугуна ыраазычылык билдирип, Япония Кыргызстан үчүн өзүнүн бай тарыхый салты жана байыркы маданияты менен достук мамиледеги өлкө экендигин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров императорго терең урмат-сыйын билдирип, "РЭЙВА" жаңы доорунда түбөлүк гүлдөп-өнүгүүнү жана бакубатчылыкты каалады.

Андан кийин президент Садыр Жапаровдун жана анын жубайы Айгүл Жапарованын урматына император Нарухито менен императрица Масаконун атынан кабыл алуу болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: