super.kg logo
  Саясат  

Өлкө башчы: "Москвада иштей алган мигранттар эмнеге Кыргызстандан жумуш таба албасын?"

 

Бүгүн, 16-декабрда Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда маалымат жыйыны өтүүдө. Анда мигранттарды Кыргызстанга кайтаруу жана аларды жумуш менен камсыз кылуу боюнча суроолор берилди. Ага өкмөт башчы "Мен көп тигүү цехтеринде болдум. Ал жерде станоктордо иштеген адам жок экенин көрдүм. Жогорку Нарын каскадына да барып келдим. Ал жактын директору иш боюнча кайрылгандардын арасында эч нерсе кылбай отурсаң эле акча келчү жумушта иштегиси келгендер бар экенин айтты. Жумушту тапса болот. Москвада иштей алган адам Кыргызстанда да жумуш таба алат. Москвада болгонумда бир баланы көрүп калдым. Ал “Мен жогорку окуу жайын бүттүм. Мага эмне бере аласыздар?” деп сурады. Мен "сени өлкө билим менен камсыз кылыптыр. Мен мамлекет үчүн эмне кыла алам" деп ойлонушуң керек дедим" деп жооп берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: