Ысык-Көлдөн жалпы 22 миң килограммдан ашык таштанды чыгарылды
Ысык-Көлдөн 210 күндүн ичинде 22 миң 506 килограмм таштанды жана 162 миң 300 метр тор чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Ысык-Көлдө 13-14-ноябрда балыкчылардын эски жана жаңы торлорун чыгарышып, кармалган балыктарды сууга коё беришти.
"Алар Түп районунун Ой-Тал, Кутургу айылдарынын тушунда жана Николаев булуңунда тазалоо иштерин жүргүзүп, балык кармоочу торлордон жана ар кандай таштандылардан арылтышкан.
Жалпысынан көл аянтынын 387 миң 614, 63 гектарын тазалап, 162 миң 300 метр тор алып чыгарышты, ошондой эле Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян келтирчү 22 миң 506 килограмм ар кандай таштанды тазалашты",-деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.