УКМКнын Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди (фото)
















Бүгүн, 17-ноябрда Кайыңды шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имараты расмий ачылды. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат бөлүмүнөн билдиришти.
Кабарлангандай, имаратты салтанаттуу ачуу аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, башкармалыктын өздүк курамы жана ардагерлери катышты.
Жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн керектүү жабдуулар менен камсыздалган.
Камчыбек Ташиев өз сөзүндө өлкөдө улуттук коопсуздукту камсыз кылууда, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоодо, мыйзам бузууларды жоюуда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жүктөлгөн милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын белгилеп, мамлекеттик кызматкерлердин арасындагы коррупция жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу, мыйзамсыз диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга байланыштуу маселелерди козгоп, калкты сак болууга жана ар кандай салттуу эмес агымдарга аралашпоого чакырды.
