super.kg logo

Баткен шаарында 500 орундуу мектеп курулууда

 

Баткен шаарынын Базар-Башы кварталындагы Сыдык Айтматов мектеби 500 окуучуга ылайыкташкан. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда SUPER.KG порталына президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматкери Чолпон Бердикулова билдирди.

Маалымдалгандай, типтүү мектеп 133 миллион сомго республикалык бюджеттен каржыланып курулууда.

Мектептин курулушу учурда 40 пайызга бүттү. Билим берүү мекемесин пайдаланууга берүү 2024-жылга пландалган.

Аталган мектептин эски имараты жер титирөөдөн улам жараксыз абалга келген.

Белгилей кетсек, 2023-жыл ичинде Баткен облусунда жалпы 24 мектептин курулушу жана капиталдык оңдоп түзөө иштерин бүткөрүү пландалган.

Бүгүнкү күнгө чейин анын ичинен 7 мектеп пайдаланууга берилди.

Учурда республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан дагы 6 мектеп пайдаланууга берүү алдында турат, 7 мектептин курулушу менен 5 мектептин капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жыл соңуна чейин бүткөрүү белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: