Министрлик Караколдогу окуучу кыздардын мушташы тууралуу маалымат таратты

Каракол шаарындагы №11 гимназия мектебинде 8-10-класстарынын окуучу кыздары арасында болгон мушташ боюнча Билим берүү жана илим министрлиги маалымат таратты.
Маалыматка караганда, окуя 20-октябрда болгон. Бирок бул маалымат 16-ноябрда белгилүү болду.
"Окуучу кыздар самбо боюнча кошумча ийримге барышат. Машыгуу учурунда кыздар түртүшө кетишип, өз ара келишпестиктер келип чыккан. Мындан улам кыздар жолугуп, самбодо ким күчтүү экендигин далилдемек болушкан. Бул окуяга байланыштуу окуучу кыздарга жана ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, укук коргоо кызматкерлери, тренерлер тарабынан тиешелүү иш-аракеттер жасалууда", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, интернетте окуучу кыздардын мушташы тартылган видео тараган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.