super.kg logo

“Жөн гана коркуп кеттим”. Ымыркайын таштандыга таштаган келин уулунан баш тартпаарын айтты

 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева таштандыдан табылган наристенин ишин жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, институттун Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тиешелүү мамлекеттик кызматтардан баланын абалы тууралуу маалымат алышты. Учурда ымыркай шаардагы төрөт үйлөрүнүн биринде дарыланып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Мындан тышкары аталган институттун кызматкерлери ымыркайдын апасы А.С. менен маектешишти. Аялдын айтымында, баланы өзү эч кимдин көмөгү жок эле үйдөн төрөгөн. Кош бойлуу экенин ата-энесинен жашырып жүргөн. Мындан улам катуу коркуп жана стресс абалында баланы таштанды челекке таштап салган.

“Мен жөн гана коркуп кеттим. Өз баламдан баш тартпайм. Мен аны эч кимге бербейм. Мени ата-энем кечирди жана алар баламды багып алабыз деп жатышат”, - деди ал.

Кылмыш жасоого шектүү аял баланын атасы ким экенин тууралуу маалыматты айтып берүүнү каалаган жок. Бирок баланын атасы ким экенин биле турганын айтты.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык сотунун чечими менен 14-ноябрда келин эч жакка кетпөө тил каты менен чыгарылган. Ал эми 8-ноябрда Элебаев жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде таштандыдан наристе табылган. Андан көп өтпөй ымыркайдын апасы табылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: