"Айрым аймактарда жаан жаайт". Ишембиге карата аба ырайы
Эртең, 18-ноябрда күндүз Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24 даража,
Талас аймагында түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23 градус болсо,
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22ге жетет.
Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13,
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +7…+12.
Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +22…+24 градус болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.