Алмазбек Атамбаев: "Диний кырдаал боюнча маселе Коргоо кеңешинин жыйынында каралат"

Бүгүн, 16-декабрда Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда маалымат жыйыны өтүүдө.
Кыргызстандагы диндин жайылуусу тууралуу суроого ал “Диний кырдаал дүйнө жүзүндө оор маселе болуп жатат. Бул багыттагы маселени Коргоо кеңешинин жыйынында кароону айтып жатабыз. Алла Таала мезгилге баш ийбейт. Окумуштуулардын айтымында, Жерде максимум 6 миллиард жыл жашоо бар. Жер жок болгондон кийин да Кудай боло берет. Сакалын өстүрүп жүргөндөр көпчүлүк учурда сабаттуулуктан кабар берет. "5 маал намаз окуса бейишке кирет" дешет айрым динчилдер. Ким тозокко кирерин да, ким бейишке кирерин да Кудай чечет”,- деп жооп берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

