super.kg logo

Сузакта нанды негизсиз кымбаттаткан 3 наабайканага айып пул салынды

 

Сузак районунда наабайканаларга айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Монополияга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматтын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Сузак районунда социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүштү.

Мониторинг учурунда Сузак районунун аймагында жайгашкан 3 наабайканада 278-280 граммдык тандыр нанды 30 сомдон сатып, белгиленген баадан 2,00-2,20 сомго жогору сатып жаткандыктары аныкталды.

Ошондой эле белгиленген максималдуу баадан жогору сатып жаткан наабайканаларга КР Укук бузуулар кодексинин 290-беренесинин 1-пунктуна ылайык ар бирине 3000 сомдон айып пул салынды.

"Нандын, көмүрдүн бааларынан сырткары, мониторинг учурунда Сузак районундагы соода түйүндөрүндө ун, өсүмдүк майы, эт жана башка социалдык маанилүү товарларды сатуучуларга бааны негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: