super.kg logo

Камчыбек Ташиев Кара-Балтадагы Балдар чыгармачылык үйүнө барды

 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы Балдар чыгармачылык үйүндө болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, УКМКнын башчысы аталган борбордун жетекчилиги менен жолугушту.

"Атайын кызматтын башчысына студенттердин колунан жаралган ар кандай чыгармалар тартууланып, ошондой эле музыкалык аспапта комузда ойногон музыкалык жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүштү, жана көптөгөн таланттуу балдар райондук, облустук, республикалык ар кандай кароо-сынактарга катышып байгелерге жана ардактуу орундарга ээ болуп келе жатышкандыгы айтылды", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев Балдар чыгармачылык үйүнө окуучулар үчүн компьютердик класс ачуу, жаңы комуз, интерактивдүү доска жана бул борбор үчүн эмерек сатып алуу түрүндө жардам көрсөтүп, дагы да келечекте бул борборго дагы керектүү жардамдар көрсөтүлөрүн белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: