Камчыбек Ташиев: "Аялдарына, балдарына зомбулук кылып жаткан фактылар боюнча катуураак иштерди жүргүзгүлө" (видео)
Жер-жерлерде болуп жаткан аялдарга, балдарга карата зордук-зомбулук фактылары боюнча катуураак иштерди жүргүзгүлө. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Панфилов районунун Кайыңды шаарында УКМКнын Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы учурунда сүйлөдү.
Анын айтымында, айрыкча айыл жергесинде аялдарга, балдарга карата зордук-зомбулук көп катталууда.
"Аялдарга карата зордук-зомбулук фактыларын катуураак көзөмөлдөгүлө. Мындай фактылар айрыкча айыл жергесинде көп катталып жатат. Айылдагы участкалык милиция кызматкери менен биргеликте иш алып баргыла. Чын айтканда акыркы учурда адамдардын психологиясы бузулду. Мурда балдарды урушуп, бир аз токмоктоп койгондо туура эле түшүнүшчү. Ал эми азыр болсо зөөкүлөр балдарын зордоп, кордоп жатышат. Ал эми аялдарын өлтүргөнгө чейин жеткирип жатышат", - деди Камчыбек Ташиев.
16.11.23
