super.kg logo

Камчыбек Ташиев: "Кыргыздын каада-салтын бузган диний экстремисттик топторго карата катуу чара көрүлөт" (видео)

 

Диний экстремисттик уюмдар биригип кыргыздын үрп-адатын, каада-салтын башка жакка буруп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Панфилов районунун Кайыңды шаарында УКМКнын Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы учурунда сүйлөдү.

Ал өз сөзүндө акыркы учурларда диний экстремисттик уюмдар биригип коомдун оюн, жашоо-тиричилигин башка жакка буруп кеткенге аракет кылып жаткандыгы тууралуу сүйлөдү.

"Диний экстремисттик уюмдар биригип алышып коомубуздун оюн, жашоо-тиричилигин, үрп-адатын, каада-салтын башка жакка буруп кеткенге аракет кылып жатышат. Мына ушуларга каршы күрөштү да биз катуу күчөтүшүбүз керек. Себеби бул биздин келечек, мамлекетибиздин келечеги. кыргыз кыргыз болуп жаралгандан бери өзүнүн салты, Ислам дини бар. Кыргыздын келечегин сактап калуу биздин колубузда. Сакал коюп, жоолук салынгандарга эч ким каршы эмес. Бирок чектен ашпагыла", - деди Камчыбек Ташиев өз сөзүндө.






Ташиев

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: