super.kg logo

Камчыбек Ташиев: "Көлбаевдин үй-бүлөсү таза эмгеги менен жашасын деп кээ бир байлыктарын калтырдык" (видео)

 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Көлбаевдин балдарына, аялына кайтарылып берилген мүлктөр тууралуу айтты. Бул тууралуу ал Панфилов районунун Кайыңды шаарында УКМКнын Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы учурунда сөз кылды.

УКМК төрагасы кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кайсы байлыктары калгандыгы тууралуу айтты.

Мыйзамды бузбаса балдарына, аялдарына, тууган-уругуна тийбейбиз. Мына аялы ресторанын сурады, мейли ушуну менен жан бак деп бөлүп бердик. Унаасын сурады аны бердик. Көчөдө калбашыңар керек деп үч кызына үч батирин, эки баласына эки батирин бердик көчөдө калбагыла деп. Бир Техникалык көзөмөл кызматы бар экен ошону бердик. Эки жер тилкесин калтырдык. Өздөрүнүн таза эмгеги менен жашасын. Ал эми тартып алган миллиондогон, миллиарддаган байлыктарын мамлекетке кайтарып алдык”, — деди Ташиев.

Ошондой эле ал Көлбаевдин 220 миллиард акчасы мамлекетке өткөндүгү тууралуу кошумчалады.






Камчыбек Ташиев: "Көлбаевдин үй-бүлөсү таза эмгеги менен жашасын деп кээ бир байлыктарын калтырдык"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: