Окумуштуу Абдылдажан Акматалиевге КМШ ПААнын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы тапшырылды







Кечээ, 17-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык маарекесине арналган эл аралык конференция өттү.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, эл аралык конференцияда КМШ ПААга мүчө-мамлекеттердин парламент башчылары сөз сүйлөштү. Алгач залкар калемгердин чыгармаларынан үзүндүлөр көрсөтүлүп, ошондой эле 95 жылдыгына арналган тасма тартууланды. Андан соң төрага Нурланбек Шакиев куттуктоо сөзүн сүйлөп, алп жазуучунун жараткан эмгектери, жасаган иштери тууралуу баяндама жасады.
Иш-чаранын алкагында КМШ ПААнын Кеңешинин чечими менен кезектеги Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык филология илимдеринин доктору, профессор, айтматов таануучу, улуу окумуштуу, академик Абдылдажан Акматалиевге ыйгарылды.
Сыйлыкты төрага Шакиев менен Орусиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко тапшырды.
Нурланбек Шакиев Абдылдажан Акматалиевдин адабияттагы жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөөдөгү салымы чоң экенин белгилеп, окумуштуунун мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Кошумчалай кетсек, КМШ ПААнын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык ээсине 1 миллион сом берилди.
Ал эми Абдылдажан Акматалиев ыйгарылган сыйлыкка ыраазычылык билдирип, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы түгөнбөгөн кенч экенин, аларга изилдөө жүргүзүү тынымсыз улантылышы керектигин кошумчалады.
