"Москвада көчө шыпырганча айылга келип иштегиле деп суранат элем" деди Алмазбек Атамбаев

Бүгүн, 16-декабрда Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда маалымат жыйыны өтүүдө.
Орусиядагы Кыргызстандын жарандарынын укуктары корголбой жатканына токтолуп, чет жерде жүргөнчө өз элине кызмат кылуу туура экенин баса белгиледи.
“Москвада көчө шыпырып байыйм дегенче, айылга келип иштегиле деп суранат элек. Азыр айылда деле байыган адамдар бар. Болбой баратса шаарга келсин. Алыс жакка баратканда даярданып барыш керек. Курортко бараткандай кете бербей. Ошондой эле “Бирөөнүн элинде султан болгуча өз элиңде ултан бол” дегендей, өлкөдө иштегенге чакырат элем”,- деди өлкө башчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
-2

