Бакыт Төрөбаев “Кыргызиндустриянын” ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты





Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун бир катар ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, алгач “Кыргызбетонкурулуш” продукциясынан, тагыраагы Emmedue инновациялык системасы аркылуу жасалган пенополистирол панелдеринен курулуп жаткан көргөзмө комплексинин курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алды.
Мындан тышкары “Кыргызфармтех” ЖЧКсынын жана зер буюмдарын чыгаруучу жаңы ишкананын имараттарындагы оңдоо иштеринин жүрүшү, ошондой эле жүк ташуучу Shacman үлгүсүндөгү унаанын тетиктерин жыйноочу цехтин иши менен таанышты.
Ишканалар менен жеринде таанышып чыккан Төрөбаев, “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун маанилүү социалдык милдеттеринин бири жаңы жумуш орундарын түзүү менен өлкөдөгү жумушсуздукту жана эмгек миграциясын кыскартуу экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын аягында 100 пайыз мамлекеттин катышуусу менен түзүлгөн “Кыргызиндустрия” ААКсы 2022-жылдын март айынан бери 20 долбоордун ичинен 16 долбоорду ишке ашырды.
