super.kg logo

Камчыбек Ташиев: "Акылбек Жапаровдун Көлбаев менен байланышы болсо, жоопко тартканга даярмын"

 

Акылбек Жапаров Көлбаев менен же УКТ менен байланышта болсо, жоопко тартканга даярмын. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 17-ноябрда Кайыңды шаарында УКМКнын Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы учурунда айтты.

Атайын кызматтын башчысы "Акылбек Жапаров Камчы Көлбаевдин апасынын тоюна барса аны эмнеге жазалабайсыңар?" деген сөздөр болуп жатканын белгиледи.

"Ал 5 жыл мурда барган экен. Көлбаев менен мен деле тааныш болгом, жолуккам. Акылбек Үсөнбекович да тааныш болгон, тоюна 5 жыл мурун барган, бирок акыркы 3 жылдан бери, биз менен иштеп баштагандан бери эч кандай байланышы жок. Эгер Акылбек Жапаровдун УКТ (уюшкан кылмыштуу топ), Көлбаев менен байланышы болсо, кандайдыр бир иштерди кылса же чогуу отуруп чай ичсе, чогуу жүрсө, ал кишини жоопко тартууга даярмын", - деди Ташиев.






Камчыбек Ташиев: "Акылбек Жапаров Көлбаев менен же ОПГ менен байланышта болсо, жоопко тартканга даярмын".

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: