super.kg logo

Жалал-Абадда июнь окуясында каза болгон милициянын майору Мыктыбек Сулаймановдун элесине арналган турнир өткөрүлдү

 

Жалал-Абадда 2010-жылы июнь окуясында каза болгон милициянын майору Мыктыбек Сулаймановдун жаркын элесине арналган кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чарага Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеӊишбек Абитов, Жалал-Абад ОИИБдин Ардагерлер кеӊешинин төрагасы Капарбек Исаков, Мыктыбек Сулаймановдун жубайы Чынара Бечелова, балдары жана жакындары катышышты.

Жеӊишбек Абитов бул турнир мындан ары жыл сайын улантыларын билдирди. Мындан сырткары кийинки жылдын иш планына киргизилип, түштүк аймагы боюнча уюштурула тургандыгын айтты. Ошондой эле Мыктыбек Сулаймановдун өрнөктүү басып өткөн жолуна токтолуп, анын жаркын элеси түбөлүккө сакталарын белгиледи.

Кичи футбол аянтчасында Жалал-Абад ОИИБдин, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Токтогул, Аксы, Ала-Бука милиция бөлүмдөрүнүн, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын, Жалал-Абад облусу боюнча Атайын операциялар отрядынын, ИИМдин Ички аскерлеринин Жалал-Абад шаарындагы 7704 аскер бөлүгүнүн командалары тайпаларга бөлүнүп күч сынашышты.

Оюндардын жалпы жыйынтыгында 1-орунга Жалал-Абад облусу боюнча Атайын операциялар отряды, 2-орунга ИИМдин Ички аскерлеринин Жалал-Абад шаарындагы 7704 аскер бөлүгү, 3-орунга Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмү, 4-орунга Жалал-Абад ОИИБдин командасы жетишти. Байгелүү орунду камсыз кылган командаларга кубок, медаль, статуэтка, диплом, акчалай сыйлык жана спорттук формалар тапшырылды.

Милициянын майору Мыктыбек Сулайманов 1969-жылы Базар-Коргон районунун Кызыл-Ай айылында туулган. Ички иштер органдарына 1990-жылы кабыл алынып, сержанттан милициянын майору наамына чейин жеткен. Ал 2010-жылы июнь коогалаӊында Базар-Коргон айылында элдин тынчтыгын, бейпилдигин сактайм деп кызмат учурунда каза болгон. Мыктыбек Сулайманов көрсөткөн эрдиги үчүн үчүнчү даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: