super.kg logo

Бишкек мэри автобустарда накталай эмес төлөмдөр жүргүзүлүп жатканын сынга алды

 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев коомдук транспорттун көйгөйлөрүн чечүү максатында жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда калаа мэриясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга мэрдин орун басары Максатбек Сазыкулов, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Уезбаев, "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы" муниципалдык ишканасынын директору Бакыт Темикеев, Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору Талант Капаров, ошондой эле алардын орун басарлары катышты.

Жыйында 15-ноябрда жол кырсыгына кабылган №48 автобустун маселеси көтөрүлүп, жабыркаган жүргүнчүлөрдүн абалы, автобусту калыбына келтирүү, транспорт ишканаларынын жетекчилери менен айдоочунун жоопкерчилиги каралды.

"Ошондой эле жол кырсыктарын болтурбоо жана айдоочуларды жол эрежесин сактоого мажбурлоо маселелери көтөрүлүп, автобустардын ылдамдыгын чектеген, жүргүнчүлөрдү эсептеген жана айдоочулардын жол кыймылын көзөмөлдөгөн жаңы программалык камсыздоону орнотуу боюнча тапшырмалар коюлган.

Мэр Бишкек шаарынын автобустарында накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди сынга алып, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртууга аракетсиздик кылган ишкана жетекчилигине тиешелүү жаза чараларын көрүүнү, ошондой эле жол эрежесин жана ылдамдыкты сактабаган, баарлашуу маданиятын сактабаган жана жүргүнчүлөргө кайрылуунун этикеттерин бузган айдоочуларды жумуштан бошотууга чейинки чараларды көрүүнү тапшырды", - деп айталат маалыматта.

Жыйындын жыйынтыгында накталай эмес төлөмдөрдү көзөмөлдөө, анын ичинде ар бир автобуска контролёрлорду алуу боюнча бир катар сунуштар айтылып, салондун тазалыгы, айдоочулардын (формалардын) тыкан сырткы көрүнүшү да көтөрүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: