Бишкекте лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык салон аныкталды




Бишкекте лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык мекеме аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын комиссия 16-17-ноябрда косметологиялык процедураларды жүргүзгөн салон жана кабинеттерди текшерген.
Жыйынтыгында 26 мекеме тиешелүү документтерисиз эле медициналык операцияларды жасап жатканы белгилүү болуп, аларга 84 миң сом айып пул салынды.
Министрлик калктын саламаттыгын сактоо, ошондой эле сапатсыз медициналык жардамды болтурбоо максатында, мамлекеттик орган тарабынан берилген тиешелүү лицензиясы бар жеке медициналык уюмдарга кайрылууну сунуштайт.
Жарандар расмий иштеген мекемелерди бул портал аркылуу билсе болот: med.kg
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:37
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.