Бишкекте тротуарларды куруу маселеси боюнча жыйын өттү
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев шаардагы тротуарларды куруу маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйынга мэрдин орун басарлары, район акимдери, транспорт департаментинин директору жана "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын башкы инженери катышты.
Жунушалиев Бишкек шаарындагы тротуарларды капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүнө административдик райондордун башчылары тарабынан көзөмөлдүн жетишсиздигин белгилеп, тиешелүү кызматтарга курулуш учурунда аныкталган мыйзам бузууларды тез арада жоюп, шаар тургундары, меймандары жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү тапшырды.
Мындан сырткары ал тротуарларды капиталдык оңдоп-түзөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча жарандарга эскертүү берүү үчүн тийиштүү маалымат белгилерин орнотууну тапшырды.
Ошондой эле Бишкек шаарынын мэри подрядчылар тарабынан өз убагында бүткөрүлбөгөндүгү жана бүткөрүлгөн иштердин акыркы актысы келишимге ылайык белгиленген мөөнөттө берилбегендиги үчүн айыптарды төлөө боюнча иштерди уюштуруу милдетин койду.
Жыйындын жыйынтыгында "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын директоруна жана башкы инженерине катуу сөгүш, ошондой эле райондук администрациялардын башчыларына курулуш иштерин өз убагында бүтүрбөгөндүгү жана көзөмөлдүн начардыгы үчүн оозеки сөгүш жарыяланды.
