"Ыйлап, стресске кабылганын айтты". Акыйкатчы институту камактагы журналист Шерипбаевадан кабар алды
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева УКМК тарабынан кармалган Nazar news сайтынын башкы редактору, журналист Гүлжан Шерипбаеванын ишин өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 18-ноябрда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Шерипбаеванын камактагы шарттарына көз салуу үчүн СИЗО-1ге барышкан.
"Ал институттун кызматкерлерин көргөндө ыйлап, стресске кабылганын айтты. Ошону менен бирге үй-бүлөсүнө жеке жактоочуга муктаж экенин айтып коюуну өтүндү. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ага мамлекеттик жактоочу берилген. Маектешүү учурунда журналист өзүнө коюлган айыптар менен макул эместигин билдирди.
Ал камактагы шарттарга нааразы болгон эмес. Аны менен бирге камерада мурда соттолбогон дагы үч аял бар. Ден-соолугу канааттандырарлык экенин жана эч кандай дары-дармектерге муктаж эмес экенин да билдирди. Анын айтымында, ал болгон окуяга абдан кабатыр", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Гүлжан Шерипбаева өзүн УКМК кармап кеткенин 16-ноябрь күнү түш ченде Фейсбуктагы баракчасына жазган. Анын ошол эле күнү 48 саатка камакка алынганы маалым болгон.
Шерипбаеванын баш коргоо чарасы кечээ Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып, сот аны 1-декабрга чейин №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камакка алуу чечимин чыгарган.
