Ош шаарында асфальт-бетон заводу курулат




Ош шаарында 2024-жылы муниципалдык асфальт-бетон заводун жана атайын таш майдалоочу завод куруу пландалып жатканын калаа мэриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, мэр Бакытбек Жетигенов Озгур айылында курула турган заводдун ордун жеринен көрүп чыгып, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине даярдык иштерин жүргүзүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.
Мындан тышкары Муниципалдык менчик башкармалыгына ижара келишиминин шарттарын жана курулуш материалдарын (кум, чопо, шагыл) казып алууда ижарага алынган жерлерди пайдаланган тараптар менен келишимде көрсөтүлгөн каражаттарды өз убагында бюджетке түшүрүү тапшырмасын койду.
"Ош шаарында 2023-жылдын августуна чейин курулуш материалдарын (карьерлерди) казып алуу үчүн жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысы жылына 1 гектарга 500 сом болгон болсо, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында, август айынан тарта бул категориядагы жерлердин ижара акысы 1 гектар үчүн 300 миң сомго чейин көбөйтүлдү", - деп айтылат маалыматта.
