super.kg logo

Ысык-Көлдө 9 жыл мурун салынып баштаган мектептин курулушу аяктады

 
Ысык-Көл облусунда 2014-жылы курулушу башталган мектеп салынып бүттү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Тоң районунун Кара-Коо айылындагы жаңы салынган мектеп пайдаланууга берилди. 350 орунга ылайыкталган бул мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2014-жылы башталган.
"Мектеп эки кабаттуу окуу корпустарынан (“А” жана “Б” блоктору), спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Долбоорго ылайык жаңы мектепте окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн: китепкана, ашкана, дарылоо кабинети, спорттук залда кыздар жана балдар үчүн чечинүүчү жайлар жана душ кабиналары. Негизги класстык кабинеттерден тышкары мектепте компьютердик класс, химия, физика сабактары боюнча кабинеттер жана лаборатория, кол эмгек кабинети жана металл иштетүү устаканалар каралган", - деп айтылат маалыматта.
Мектептин курулушу толугу менен бүтүп, азыркы учурда анын тегерегин көрктөндүрүү жана асфальттоо жумуштары жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, быйыл жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 12 мектеп куруу пландалып, бюджеттен 1 миллиард сомго жакын каражат каралган. Пландалган мектептердин алтоосу колдонууга берилип, ал эми бүгүн ачылып жаткан Рашид Жангазиев атындагы мектеп жетинчиси болууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: