super.kg logo
  Спорт  

"Жеңиш сиздердики". UFC'де тарыхый жеңишке жеткен Мыктыбек Оролбай уулу кайрылуу жасады

 

UFC уюмунда алгачкы беттешин өткөрүп, анда сербиялык мушкердин үстүнөн тарыхый жеңишке жеткен кыргыз мушкери Мыктыбек Оролбай уулу кайрылуу жасады.

Кайрылуусунда ал командалаштарына, үй-бүлөсүнө ыраазычылыгын билдирип, жеңишин кыргыз элине арнады.

"Бардыгыңыздарга чоң рахмат, команданын ынтымагы менен ушул жеңишке жетип жатабыз. Агайларым, залдагы досторум, ага-инилерим, бардыгыңыздарга чоң рахмат. Ошондой эле үй-бүлөм, бир туугандарым, сиздерге чоң рахмат. Бул жеңишти жалпы кыргыз элиме арнайм, жеңиш сиздердики. Алга, Кыргызстан!", - деди Мыктыбек Оролбай уулу.

19-ноябрга караган түнү Лас-Вегаста өткөн UFC уюмунун турниринде сербиялык Урош Медич менен беттешти. Кармаштын экинчи раундунда Оролбай уулу атаандашын муунтуу ыкмасы менен утуп алган.

Белгилей кетсек, мушкер 5 күн мурда UFC уюму менен келишим түзгөнүн жарыялаган.






Мыктыбек Оролбай уулу жеңишинен кийин кайрылуу жасады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: